Кыргызстан

Борбор Азия жана Афганистан өлкөлөрүнүн аялдарынын Диалогу, 2024 ж. 3 октябры

БОРБОР АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН АЯЛДАРЫНЫН ДИАЛОГУ

Аялдар, тынчтык жана коопсуздук: Борбор Азия өлкөлөрүндө жана Афганистанда туруктуулукту бекемдөө

Күнү: 3 октябры
Башталышы: саат 9.00
Жайгашуу: «Jannat Regency Bishkek» мейманканасы, Бишкек шаары, Аалы Токомбаева көч., 21

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдарынын Диалог форуму Борбор Азия жана Афганистандагы коопсуздук маселелери боюнча тынчтыкты жана аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө аялдардын катышуусунун маанилүүлүгүн терең талкуулоо, талдоо жана таануу үчүн өтөт.

Форумдун ачылышынын расмий бөлүгүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аялдар диалогунда Кыргыз Республикасынын атынан төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Жамиля Исаева катышуучуларга кириш сөз менен кайрылат.

КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов баяндама жасайт. Борбордук Азиядагы “аялдар, тынчтык жана коопсуздук” күн тартибин ишке ашыруунун негизги тенденцияларына жана перспективаларына сереп салуу регионалдык күн тартибинин көңүлүн бурат, аны менен Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн “БУУ-Аялдар” түзүмүнүн аймактык кеңсесинин кеңешчиси Наргис Азизова сөз сүйлөйт.

Уюштуруучулар: КР Жогорку Кеңеши, Борбордук Азия үчүн Превентивдүү дипломатия боюнча БУУнун Регионалдык борбору, Кыргызстандагы “БУУ-Аялдар” түзүмү, Афганистандагы “БУУ-Аялдар” түзүмү, Кыргыз Республикасындагы ПРООН.

Катышуучулар: Борбордук Азия лидерлеринин аялдар диалогуна катышкан өлкөлөрдүн парламентарийлери, мамлекеттик органдардын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн академиялык жана эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү.

 

Тиркелген материалдар:
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аялдар диалог форумунун программасы