Кыргызстан

Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдар Диалогунун жыйыны тууралуу ММК үчүн маалымат

Жыйындын темасы: «Борбор Азия экономикасындагы аялдардын ролу: санариптик, социалдык жана экологиялык инновацияларды илгерилетүүдөгү лидерлик».

Өткөрүү датасы:  2024-жылдын 23-майы.
Өткөрүүчү жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, «Sheraton  Bishkek» отели, Киев көчөсү -148 В

Катышуучулар: Борбор Азия аялдар диалогуна катышкан өлкөлөрдүн парламентчилери, Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, бизнес жана эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү.

Жыйын региондогу туруктуу жана инклюзивдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн Климаттын өзгөрүү шарттарында аялдардын, анын ичинде майыптуулугу бар аялдардын экономикалык, санариптик жана экологиялык инновацияларга катышуусун илгерилетүү чөйрөсүндө Борбор Азиянын лидер аялдарынын кызматташтыгын бекемдөө максатында өткөрүлүүдө.

Жыйындын ачылышынын расмий бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, форумдун уюштуруучулары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышуучуларга куттуктоо сөзү менен кайрылат.

Жыйында Борбор Азия делегациясынын башчылары: Нарбаева Танзила Камаловна айым, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы; Еспаева Дания Мадиевна айым, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасынын орун басары; Түркмөнстан Межлисинин илим, билим берүү, маданият жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрайымы СЕЙИДОВА Бахар Ходжамурадовна айым; Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары НУРУЛЛОЗОД Фируза айымдын (ОНЛАЙН) чыгып сүйлөөсү күтүлүүдө.

2024-жылдагы Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдар диалогунун төрайымы Исаева Жамиля Кубанычбековна негизги артыкчылыктарды жана 2024-жылга карата Диалогдун Иш-чаралар планын талкуулоо жана бекитүү үчүн сунуштайт.

Жыйын пленардык сессиялардын модератору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алиев Медербек Кубанычевич талкуулардын жалпы векторун, сессияларды өткөрүүнүн форматын, чыгып сүйлөгөндөрдүн калоо-тилектерин белгилөө менен тематикалык пленардык сессияларды расмий түрдө ачат.

Жыйындын иши төмөнкү темалар боюнча өтөт:

  1. Креативдүү экономика: “Аял-инноваторлор жана Борбор Азиянын ойлоп табуучулары – жаңы чечимдер;
  2. «Жашыл» экономика: Аялдардын Социалдык жана экологиялык инновацияларды илгерилетүүдөгү ролу;
  3. Санриптик экономика: Аялдар жана санариптик чечимдер.

 

Жыйындын жыйынтыгында төмөнкүлөр күтүлүүдө:

–  демилгелерди илгерилетүүдө өз ара аракеттенүүнү жана өз ара жардамдашууну улантуу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнөн окумуштуу жана ишкер-инноватор аялдардын тармагын түзүүнү талкуулоо;

–  Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку саясий жетекчилиги үчүн аялдарды санариптик, креативдүү жана «жашыл» инновацияларда илгерилетүүдө аймактык кызматташууга көмөктөшүү боюнча чаралар жөнүндө сунуштары менен сунуштамаларды иштеп чыгуу;

–  Мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик эмес институттардын дарегине региондук жана улуттук саясаттын деңгээлинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн ишкер-инноватор айымдарын колдоонун конкреттүү инструменттери боюнча, анын ичинде Аял-нноваторлорду колдоонун Борбордук Азия фондун түзүү боюнча сунуштарын иштеп чыгуу;

–  Борбор Азия өлкөлөрүнүн санариптик, социалдык жана экологиялык нновациялар жаатында иш жүргүзгөн аял лидерлердин, ишкер-инноваторлордун кеңири чөйрөсү Диалог, анын аянттарында түзүлгөн демилгелер, Тармактар жана аянтчалар тууралуу кабардар болушту жана аларга кошулууга жана гендердик теңчиликке жетишүүдө жаңы моделдерди жана чечимдерди жаратууга мүмкүнчүлүк алышат;

–  “Борбор Азия регионунун өлкөлөрүндө социалдык-экономикалык өнүгүүнү тездетүү үчүн инновацияларды жана ойлоп табууларды илгерилетүү чөйрөсүндөгү ишкер аялдар” ЭКСПО 2024тү даярдоо боюнча иш-аракеттердин планына карата идеяларды талкуулоо.

Бир учурда өтүүчү иш-чара: Делегация башчыларынын Кыргызстандын Улуттук тарых музейине баруу.

Жыйналыш Диалогдун катышуучуларынын урматына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан расмий кабыл алуу менен аяктайт.

Өткөрүлүүчү жери: “Дасмия” этнокомплекси.